КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы
2016-жылдын 20-февралы № 27/12
Элден түшкөн арыздар боюнча Кароол айылындагы көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 31- беренесине айылдык, аталган маселе кеңештин сессиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен:
- Кароол айылындагы стадионду ремонттоо үчүн 250 000 (эки жүз элүү миң) сом (1-апрелге чейин);
- Кароол айылынын түндүк-батыш тарабындагы «Орто-Арык» каналын (дачадан жаңгакка чейинки аралык) тазалоо үчүн 60 000 сом (мөөнөтү 1-апрелге чейин);
- М. Ботобеков атындагы орто мектебине от казанын ремонттоо үчүн 50 000сом (1-июлга чейин);
- Кулбай көчөсүнөн акжолов көчөсүнө өтүүчү жайга 50 000 (элүү миң) сом (мөөнөтү 1-сентябрга чейин);
- Айдаралиев көчөсүнөн үлүштүк жерлерге өтүүчү каналга көпүрөө үчүн 15 000 (он беш миң) сом (мөөнөтү 1-апрелге чейин);
- Жүзүм-Бак участкасына кире бериштеги жайга темир бетон труба орнотуу үчүн 7000 (жети миң) сом (мөөнөтү 10-апрелге чейин);
- Айдаралиев көчөсүнөн Бермет көчөсүнө чейинки аралыкка суу түтүкчөсүн орнотуу үчүн шланга 50 000 (элүү миң) сом (мөөнөтү 1-июнга чейин) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарууга алуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи К.С.Бердибековага милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.Укуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |