Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 27-сессиясы

 

2016-жылдын 20-февралы № 27/13

Кароол  айыл аймагындагы  Мырза-Арык, Кароол, Шералы  айылдарындагы элдин  мал жандыктарын  жугуштуу  ооруларынын алдын алуу үчүн эмдөө  акысын  бекитип берүү  жөнүндө

Кароол айыл аймагындагы Мырза-Арык, Кароол, Шералы  айылындагы  элдин   мал жандыктарын  ветеринардык сервистеринин  ар кандай  жугуштуу  ооруларга эмдөө  акысы  жөнүндөгү  маселени  Кароол  айылдык  кеңешинин  27-сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

     1. Элдин мал  жандыктарын вет.сервистердин  ар кандай  жугуштуу  ооруларга  каршы эмдөө  акысы төмөнкүдөй баада  бекитилсин.

1. Жылкы- 50 (элүү) сом.

2.  Карамал – 50 (элүү) сом.

3. Кой, эчкилер-20 (жыйырма) сом.

 4. /й канаттуулар-5 (беш ) сом.

5. Ит-мышыктар-70 (жетимиш) сом.

     2.  Токтомду көзөмөлгө  алуу  жагы  айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Анаркулов Т.) жүктөлсүн.

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев