Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/1
Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2016-жыл үчүн иш планы жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2016-жыл үчүн иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүндө маселе Кароол айыл аймагынын Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовдун сунушунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 28-сессиясынын
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2016-2017-2018-жылдарга стратегиялык иш-планы жана бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовго жана Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы-Жайыт комитетинин кеңешинин төрагасы Р.Сайитовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Т. Анаркулов) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |