Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/3
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө маселелер Кароол айыл аймагынын Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовдун сунушунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жайыттар жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 28- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык аймагынын аймагында жеке менчик малдардын жайлоого айдоо мезгили 2016-жылдын 20-апрелинен кечиктирбей айдоо жана кайтуу мезгили 1-октябрь айларына белгиленсин.
2. Жайыт пайдалануучулардын алынуучу жайыт акы ар бир баш кара малга, жылкыга 80 (сексен) сомдон, торпокторго 62 (алтымыш эки) сомдон, майда жандыктарга (кой, эчки) 16 (он алты) сомдон белгиленсин.
3. Жайлоодо багуучу бадачылардын айына мал баккан акысы бир баш малга 350 (үч жүз элүү) сом, кой эчкиге 80 (сексен) сомдон, эгерде башка райондун айыл өкмөтүнүн малчылары биздин жайлоого жайласа анда ар бир башка эки эседен белгиленсин.
4. Айыл ичинде калган саан уйларга алынуучу бада акы 150 (жүз элүү) сомдон белгиленсин.
5. Бул токтомду аткарууга алуу Кароол жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы П.Калматовго, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сайитовго жана айыл башчыларга (Жээнбаев Т, К. Акматова, Көкөнов П.) милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (А. Анаркулов) жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |