Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/4
Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципиалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2015-жыл үчүн жылдык отчетту жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2015-жыл үчүн жылдык отчетту “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктунун негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 28- сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципиалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2015-жыл үчүн жылдык аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Карол айыл өкмөтүнүн башчысына жана мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилерине:
- айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчылары жана мекеме-уюмдардын, ишканалардын жетекчилери инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жыл ичинде бизнес долбоорлорду түзүп, аны ишке ашыруу; - 2016-жылга белгиленген болжол көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын; - инвестиция тартуу аркылуу өндүрүш процесстерин жаңылоо; - ички жана тышкы инвестициялардын келишин көбөйтүү;
- жарандардын жашоо абалынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Жазгы эгиндеринин айдоо аянттарын айдап себүүнү кыска агротехникалык мөөнөттө бүткөрүү үчүн, айыл чарба техникаларын жазгы талаа иштерине даярдоо, керектелүүчү үрөндөр, дизелдик отундар менен камсыз кылуу Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.А.Сайитовго милдеттендирилсин.
4. «Кароол-Достук» СПАга вегитациялык мөөнөткө чейин бекитилген график боюнча каналдарды чаап тазалоо, суу бөлүштүрүүчү курулмалардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу жүктөлсүн.
5. Айыл башчылары «Кароол-Достук» СПА менен биргеликте ички көчөлөрдөгү, үлүштүк жерлердеги жана КБФнын балансындагы арык-каналдарды чаап тазалоону уюштурушсун.
6. Айыл өкмөт башчысына жана айыл башчыларына:
- райондогу өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тыгыз иш алып баруу милдеттендирилсин;
- жаратылыш кырсыктарынын кесепеттери белгиленген кооптуу участокторго байкоо жүргүзүү менен биргеликте күзөттөрдү уюштурушсун; - кооптуу үйлөрдө жана участоктордо жашоосун улантып жаткан үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгуу боюнча чараларды көрүшсүн.
7. Мектеп директорлоруна, айыл башчыларына, ата-энелер комитетине жана ата-энелерге:
- окуу-тарбия процессин жакшыртуу, окуучулардын жол коопсуздугу боюнча такай түшүндүрүү боюнча иш чараларды өткөрүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, жетишпеген кадрлар менен толуктоо боюнча иш алып баруу, мектептердин базасында алып барылып жаткан иш чараларды өркүндөтүү боюнча зоналык, райондук деңгээлдеги усулдук семинарларды такай өткөрүп туруу;
- окуучунун мектепке себепсиз келбей калуусун, сабак учурунда базарда, компьютердик клубдарда жүрүүсүнө бөгөт коюу, окуучулар арасында спорттук мелдештерди уюштуруу милдеттендирилсин.
8. Кароол үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчисине:
- ар кандай жугуштуу ооруларды алдын-алуу, балдардын набыт болушун кыскартуу боюнча иш аракеттерди күчөтүүнү көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
9. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн №26 Кароол, Мырза-Арык, №27 Шералы административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнө:
- коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун негизги себептерин жок кылуу;
- спирттик ичимдиктерди сатууда кабыл алынган эрежелердин, айылдык
кеңештин чечимдерин сактоо;
- майрам күндөрү коомдук тартипти көзөмөлдөө;
- мал уурулуктун алдын-алуу жана мал уурдоо кылмыштарын кыскартуу;
- окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын-алуу;
- диний экстремизм, терроризм боюнча алдын-алуу иш чараларды жүргүзүү боюнча иш аракеттерди күчөтүү милдеттендирилсин.
10. Айыл өкмөт башчысы Р.А.Сайитовго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Кароол айылдык кеңешинин 2016-жылы айыл өкмөтү үчүн аткарууга кабыл алган чечимдерин такай жетекчиликке алуу жана чечимдердин аткарылышы боюнча кеңештин сессияларында маалымдап туруу;
- өз билемдик менен жерлерди басып алуу боюнча ыкчам аракеттерди жүргүзүү;
- социалдык фондго камсыздандыруу төлөмдөрүн жана салыктарды өз убагында аткаруу жана мурунку жылдардан өндүрүлбөй калгандарын аткаруу.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиялардын (2-пункту А.Амиракуловго, 3-,4-,5-,6-пункттары Т.Анаркулов, 7-, 8-, 10-пункттары А.Тыныкуловго, 9,10-пункттары А.С.Суранбаевга) төрагаларына тапшырылсын.
12. Токтомду жалпы көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары К.М.Укуловго жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |
Кароол айыл окмотунун социалдык – экономикалык осуудогу
2015 –жыл ичинде аткарылган иштери жонундо
ОТЧЕТУ
Кароол айыл окмотунун аймагына 4 айыл кирет:
Мырза-Арык, Кароол, Орто-Арык жана Шералы айылдары.
2015-жылдын 1- январына карата 2875 кожолук, 14566 калк жашайт, жалпы аянты 7162 га жерди ээлейт.
Социалдык обөектилерден 3 орто мектеп, 1 № 62- кесипчилик лицейдин филиалы, 1 СВА, 3 ФАП, 1 почта байланыш болуму, 1 китепкана, 3 стадион, 3 бала бакча, 13 азык –тулук дукону, 7 эс алуу жайы, 3 АЗС, 4 машиналардын донголокторун желимдоочу жай, 3 пескоблок чыгаруучу жай, 1 кыш завод, 1 кичи тоок ферма, 2 куноскана, 1 эшик-терезелерди жасоочу цех калкка кызмат корсотуудо.
2015-жыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген «Улуттук экономиканы чындоо жылында» Кароол айыл окмотундо иш-пландар тузулуп аткарууга алынды. 2015-жылга карата Кароол айыл окмотунун бюджети 10915,8 мин сомго бекитилип, анын 6855,9 мин сомун жергиликтуу салыктар жана 4059,9 мин сомун тендештируучу грант тузот. Кароол айыл окмоту 40 % датацияда турат.
2015- жылдын жергиликтуу бюджети негизинен 103 % га аткарылган.
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ:
Айыл чарбасы боюнча жалпы 2949 га айдоо аянты бар.
Анын ичинен:
- 1392 га суугат.
- 1557 га кайрак.
- 415 га чоп ормо.
Кайра болуштуруу фондунун жерлери жалпы 923 га.
Анын ичине:
- 390 га суугат.
- 364 га кайрак айдоо.
- 56 га чоп ормо.
- 46 га тыт.
- 67 га бак.
Улуштук жер жалпы 2382 га.
Анын ичинен:
- 1191 га кайрак.
- 832 га суугат.
- 359 га чоп ормо.
1) Мырза- Арык айылы боюнча 276 га суугат, 358 га кайрак;
2) Кароол айылында боюнча 392 га суугат, 383 га кайрак;
3) Шералы айылында боюнча 164 га суугат, 450 га кайрак.
Кароол айыл окмоту Озгон суу чарбасы менен 2015- жылга суу алуу учун 198200 сомго келишим тузгон.
Бул келишим боюнча 212000 сом толонуп, келишимден 14000 сом ашыкча толонду.
2015 –жылда ички каналдарды тазалоого 255,2 мин сом жумшалып, 5800метр канал тазаланды.
Айыл окмоттун аймагындагы дыйкан-фермерлерибиз жазгы айдап- себууну оз убагында уюштурушуп жана кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноону сапаттуу аяктады.
ВЕТЕРИНАРИЯ:
Айыл окмотундо мал жана канаттуулардын саны 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы 2 % га осту.
Алсак, 2015-жылдын 1-янврына кара айыл окмоту боюнча кара мал 1824 баш, кой, эчкилер 6742 баш, жылкы 1238 баш, тоок 10500 башка жетти.
Ветеринардык абалды сактоо максатында айыл окмот тарабынан 2015-жылга 127250 сом акча каражаты жумшалды, Сибирь жарасынын
9 чордондору хлор менен тазаланып, тегереги тосмо менен тосулган.
Кутурма оорусунун алуу боюнча айылдардагы жолбун дейди 292 ит- мышыктар атылып жок кылынды.
Атылган жолбун дейди ит-мышыктардын олумтукторун жок кылуу учун айыл окмоту тарабынан 38,0сом акча каражаты болунуп, «Яма-Беккер» (скотомогильник) айланасы тосмо менен тосулуп ремонттолду.
ЖАЙЫТ:
Кароол айыл окмотунун жайыт комитетинин 2015- жылга бюджети 190000 мин сомго бекитилген.
Ал бекитилген бюджетин жайыт комитети толугу менен аткарды. Жайыт пайдалануучулардан тушкон акча каражаты жайытта болгон койгойлуу маселелерди чечууго жумшалды.
ЖОЛДОРДУ ОНДОО:
Айыл окмоттун карамагындагы айылдардын ички жолдорун жана копуроолорун ондоого 200,6 сомдук иш аткарылды.
Атап айтсак Мырза-Арык айылынын Молдо кочосу анны менен кесилишкен кочолорго, Пилик участкасы, Лермонтов кочосуно, Асранкулов кочосунун кайчылаш кочолоруно 68800сом акча каражаты жумшалды,
Кароол айылынын М.Жамбилов, Бейитке кетуучу жол, Сталин участкасы менен Уч-Кочо участкасына 65800сом жумшалып, жолдорго шагал тошолду.
Ал эми Шералы айылынын Арбыш кочосу, Жаны-Чек стадион, Жаны бейитке баруучу жолго 66,0 сом жумшалып, кочолорго шагал тошолду.
Андан тышкары Мырза- Арык, Кароол айылдарында элдин салымы менен бир канча кочолор шагал тошолуп, ондолду.
Айыл окмотунун аймагындагы улуштук жерлерге техникаларды киргизуу учун 48,0 мин сом акча жумшалып трубалар коюлду
Шералы айылынын Бак участкасына 133,0 мин сом акча каражаты жумшалып, айыл тургундары сугат суусу менен камсыз болушту.
ТУНКУ ЖАРЫК:
Андан тышкары айыл окмотунун 2014-жылдын эсебинен уномдолгон 333,1 мин сом акча каражаттары томондогудой тартипте аткарылган:
1.Кароол, Мырза-Арык айылдарыны тунку жарык менен камсыздоого 183,1мин сом сарпталган. Бирок болунгон каражат жетишпегендигине байланыштуу 64,3 сом аппарат болумунун прочий статьясынын кошумча каржыланган.
ИНТЕРНЕТ:
2.Ошондой эле интернет туйунун тартуу учун 150,0 мин сом, кийин кошумча кирешенин эсебинен 95,2 мин сом Озгон Кыргызтелекомуна которулуп берилген, азыркы учурда социалдык-обьектилерден айыл окмотунун имаратында, Откурбек балдар бакчасы, М. Ботобеков орто мектебинде интернет туйундору иштеп жатат.
МЕКТЕПТЕР:
1) Айыл окмотунун орто мектептерине 210 даана арча кочот алууга 80,0 мин сом болунуп берилип мектептерге отургузулду.
2) Кароол айыл окмотунун аймагындагы орто мектептердин муктаждыктарын чечуу учун 2015-жылы Б. Асранкулов жана К. Рысбаев орто мектебине 224,6 мин сомго 2 даана интерактивдуу доска комплектиси алынып берилди.
3) Б. Асранкулов орто мектебинин ашканасы учун 220,0 мин сом.
4) М. Ботобеков орто мектебинин отказанын куруу учун 370,0 мин сом.
5) М. Ботобеков орто мектебинин класстары жетишпегендиктен эки класстык каана курууга 162,0 мин сом акча каражаты берилген.
6) Кышка даярдык коруудо комур менен камсыз кылууда айыл окмотунун социалдык обьектилери 3 мектеп, 2 бала бакчасы, 1 китепканасына 505,1 мин сомдук комур менен камсыз кылынды.
Ал эми айыл окмотунун орто мектептеринин терезелерин кышкы мезгилге жылылоо учун кленка жана отун алууга 83,6 мин сом болунуп берилген.
7) М. Ботобеков орто мектебинин кыш убагында жылытуу системасы жарылып ондоого 9,0 мин сом жумшалды.
8) Б. Асранкулов орто мектебинин жылытуу системасынын насосун алмаштырууга 5,5 мин сом.
КОРНОК ЖАРНАКТАР:
Кароол, Мырза-Арык, Шералы айылдарына 4 даана Ош-Бишкек жолунун жээгине корнок-жарнак щиттерин орнотуу учун 110,7 мин сом акча каражаты жумшалган.
МЧС:
Кара-Дарыя суусунун жээгине дамба тосуу учун 113, 0 мин сом айыл окмотунун бюджетинен жана 270 куб МЧС тарабынан Араван ташы ташылып келинди.
Кароол, Мырза-Арык айылдарынын Дренаж каналдарына 11800 метрге долбоор даярдалып планга киргизилген, азыркы кундо акча каражаты чечилсе тазалоо иштери башталат.
ТАЗА СУУ:
Айыл окмотунун элдерин таза-суу менен камсыз кылуу максатында 78,0 минсом жумшалды.
Орто-Арык айылынын таза-суу насосун капиталдык ремонту учун 30,0 мин сом.
Шералы айылындагы таза-суу тутукчолорун ондоого 30,0 мин сом.
Сууну хлар менен залалсыздандыруу учун 18,0 мин сом жумшалган.
ЭСТЕЛИК:
Кароол айыл окмотунун Кароол айылындагы Улуу Жеништин 70 жылдыгына карата курулган эстелик мемиоралдык комплексин курууга жалпысы болуп 1183,0 мин сомдук долбоор даярдалып, айыл окмотунун бюджетинен 550,7 мин сом, элдин салымы 265,0 мин сом, жеке ишкерлердин салымы 355,0 мин сом, мекеме-уюмдардын салымы 23,0 мин сом акча каражаты сарпталып долбоор ийгиликтуу аяктап ачылышы откорулду.
Мамат Орозбаев, Абдымухтар Маматов, Сагын Келдибаев, Жыргал Арзыбеков, Тажидин Ахунов, айылдык кенештин депутаттарына терен ыраазычылык билдирем.
СОЦИАЛДЫК ЖАРДАМДАР:
Шералы айылынын тургуну Тойчиев Абдирашиттин уйу куйуп кеткендигине байланыштуу айыл окмотунун резервдик фондунан 20,0 мин сом болунуп берилди.
2015-жылда Кароол айыл аймагы боюнча социалдык колдоого алынган атуулдар:
11 кароосуз жалгыз бой жарандар.
33 турмуш шарты оор жакыр уй-булоолор.
43 кургак учук менен ооруган жарандар.
114 ден соолугунун мумкунчулугу чектелген жарандар.
46 коруусу-угуусу боюнча оорулуулар учун жарандардын ар бирине айыл окмотунон бюджетинен 1000 (мин) сомдон каражат болунуп жалпысы 64 000 мин сомдук жардам корсотулду.
Кургак учук менен ооруган 2 жаранга курорттук даарыланууга барып келуу учун жол акысына 7 600 (жети мин алты жуз) сом каражат болунуп берилди.
Мындан сырткары социалдык колдоого муктаж болгон жарандарга кышка даярдыктар боюнча отун комур менен камсыздоо максатында 48 180 мин сомдук комур алынып, 33 адам комур менен камсыздалды.
2015-жыл ичинде аз камсыз болгон уй булоолорго мамлекеттик жолок пул чегеруу маселесинде 325 жаранга жолок пул чегерилди.
Анын ичинен:
Мырза Арык айылы боюнча - 110,
Кароол айылы боюнча -102,
Шералы айылы боюнча 113 уй-булоо жолок пулун алышат.
Айыл окмотундо 122 «Баатыр эне» бар.
Алардын 48 СССР убагындагы,
74 Кыргыз Республикасынын «Баатыр эне» ордендерине ээ болгондор.
«Эне данкы» медалына 5 энелер ээ болушкан.
АРЫЗДАР:
Кароол айыл окмотунун аймагындагы жашаган жарандардын арыз менен кайрылуусу – 168.
Анын ичинен:
Оздоштурууго жер сурагандардын- 12.
Турак-жай салуу жер участогун сурагандар - 21.
Арендага жер сурагандар- 24.
Улуштук жерлерин тактап беруудо- 3.
Материалдык жардам сурагандар- 38.
Кочолорго электр зымын тартып беруу боюнча- 48.
Ар кандай маселелер менен кайрылгандар - 12.
Азыркы кундо айыл окмоттун аймагында диний кырдаал туруктуу.
Сирияга же башка жактарга кеткен атуулдарыбыз жок, каада-салтыбыз Шералы, Кароол айылдарында бир нукта сакталып келуудо.