Редакцияот 08.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы

 

2016-жылдын 8-апрели № 28/10

Айылдарда элдик курултайга делегат шайлоо үчүн чогулуштарды өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө

Кароол айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайын өткөрүүнү уюштуруу боюнча маселени «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын» жана Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     1. Айылдарда элдик курултайга делегат шайлоо үчүн чогулуштарды өткөрүү төмөндөгү графикте бекитилсин.

К.р. №

Айылдардын аталышы

Өтүлүүчү жайы

Өткөрүү күнү

Өткөрүү убагы

Аткарууга жооптуу адамдар

1

Мырза-Арык

Маданият үйү

22.04.2016

10:00

П. Көкөнов

2

Кароол

М.Ботобеков атындагы орто мектеби

22.04.2016

12:00

Т. Жээнбаев

3

Шералы

Маданият үйүндө

22.04.2016

15:00

К. Акматова

 

Кароол айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Т. Акматалиев