Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 28-сессиясы
2016-жылдын 8-апрели № 28/11
Кароол айылдык кеңешинин Жергиликтүү жамааттарынын эл өкүлдөрүнүн элдик курултайга делегат шайлоо үчүн жумшалуучу каражатты бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы №152-Жарлыгынын негизинде Кароол айыл аймагынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайын өткөрүүнү уюштуруу боюнча маселени «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын жана Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясында талкууланып, каралып, Кароол айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн курултайын өткөрүү үчүн Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинен 40,0 ( кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери » боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кароол айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А.Т. Акматалиев |