Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/11
Семиз-Бел айыл аймагындагы ДЭУ участкасындагы №61 контурундагы
жайгашкан асылдуулугу төмөн жер аянтын курулуш
алдындагы жерлер категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11.12.18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» №145 15.07.2013-жылдагы мыйзамына, Нарын облустук жерге жайгаштыруу экспедициясынын 05.03.2015-жылдагы №59 аныктамасына негиздеп Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынан Ж.Мусакановко өздөштүрүүгө берилген №61 контурундагы жайгашкан ДЭУ участкасындагы асылдуулугу төмөн шор жер өздөштүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, курулуш алдындагы жерлер түрүнө которууга сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Сыдагалиевге тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |