Редакцияот 20.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 24-сессиясы

 

2015-жылдын 20-октябры № 24/8

Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо

 агенствосунун айылдык инвестициялоо долбоорунун 3-этабына

долбоорлорду сунуштоосун бекитүү жөнүндө

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылына фельдшердик акушердик пункт куруу долбоорун чоң долбоорго, Семиз-Бел айылын клуб китепканасына жылуулук системасын орнотуу жана жаны заманбап инвентарларды алуу долбоору коомчулукту өнүктүрүү жана  инвестициялоо агенствосунун айылды инвестициялоо-3 кичине долбооруна сунуштоону бекитүү жөнүндө айыл өкмөт башчысы Э.Моңкоевдин маалыматын угуп жана талкуулап  Семиз-Бел айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун айылды  инвестициялоо долбоорунун 3-этабынын чоң долбооруна Кара-Тоо айылына кичи футболдук аянча куруу долбоору, кичине долбооруна  Семиз-Бел айылынын клуб китепканасына жылуулук системасын орнотуу жана жаны заманбап жабдууларды алуу жана жылытуу системасын орнотуу долбоору сунушталсын.

2. Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.

 

Семиз-Бел айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

М.Букамбаев