Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25-сессиясы
2015-жылдын 22-декабры № 25/1
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
башчысы Э.Моңкоевдин 2015-жыл ичинде
жүргүзгөн иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин отчетун угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2015-жылда аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин отчету «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Айтылган сын-сунуштар боюнча иш чара кабыл алынып, өз убагында аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Семиз-Бел айыл өкмөтүндөгү ири фермерлер пайдаланып жүргөн жерлердин пайдалануу мөөнөтүн тактап , жылдын аягына чейин маалымат берүү жер адиси С.Сыдыгалиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |