Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25-сессиясы
2015-жылдын 22-декабры № 25/2
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин
2015-жылга карата аткарган иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы А.Алжанбаеванын 2015-жылга карата аткарган иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2015-жылда аткарган иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. 2016-жылга карата малдын санын тактоо менен малдын башына жараша бюджетти бекитүү жана алыскы жайыттарды толук пайдалануу, малчыларды график боюнча көчүрүү жагы жайыт комитетине милдеттендирилсин.
3. Жайыт комитети 2015-жылга «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору аркылуу башкарууга, жакшыртууга жана тактоого бериле турган гранттык каражаттардын критериясын аткаруу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрайымы А.Алжанбаевага тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |