Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 158

 Жайыт комитетинин  2016-жыл үчүн  бюджетин, иш планын бекитүү, жайлоого кетүүчү мал-жандыктар үчүн тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

1. Жайыт комитетинин   2016-жыл үчүн  бюджетин, иш планын бекитүү, жайлоого кетүүчү мал-жандыктар үчүн тарифтин өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап чыгып  Куршаб айылдык  кенешинин (бешинчи шайланган)  кезектеги ХХVI  отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

2. Малдарды алыскы жайлоого көчүрүү убактысы 25-майга чейин белгиленип, жайыт комитетине жана айыл башчыларына көрсөтүлгөн мөөнөттөн  кеч калтырбай  алыскы жайытка көчүрүү жагы милдеттендирилсин.

 

Жайыт комитетинин жайыт билет баасы:

Жылкыга-     80  сом

Кара малга- 80  сом

                                  Кой, эчки-    18  сом     

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергия, байланыш, таза суу, коммуналдык чарба, ветеринардык кызмат жана жайыт боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Куршаб айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ахунов Т.Х