Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 163

          Эл аралык стандартка жооп бере турган мал союучу жана этти  баштапкы иштетүү пункттарын курууга жана турак  жай  маселесин чечүү  үчүн  жер участкасын бөлүп берүү жөнүндөгү маселени карап  талкуулап  чыгып   Куршаб  айылдык  кенешинин (бешинчи шайланган)   кезектеги  ХХVI  отуруму  

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мурдагы  комплекстеги  суу сактагыч кампадан түндүктү «Гоо»  жылгадагы  сарайларды көздөй кеткен жолдун  эки жээгиндеги узундугу  1000  метр,туурасы 133 метр,  жолду  кошкондо баары  13,0 га.  жайыт  жер. Ошол эле суу кампанын батыш бөлүгүндө турак жай маселесин чечүү үчүн  1,20  гектар  жер  тилкеси да ушундай  эле жайыт жер тилкеси,баары биригип  14,20  гектар аянтты түзөт. Жогоруда аталган жер тилкелерин  эл аралык стандартка жооп бере турган мал союучу жана этти  баштапкы иштетүү пункттарын курууга жана турак  жай  маселесин чечүү  үчүн пайдаланууга  мыйзам чегинде  трансформация жасоого макулдук  берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Куршаб айылдык кеңешинин жер,мелиорация,турак жай,жерге жайгаштыруу жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Куршаб айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Ахунов Т.Х