Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25-сессиясы
2015-жылдын 22-декабры № 25/3
Семиз-Бел айыл аймагында Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин (ЖИБ)
2015-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу
планын бекитүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жакынкы беш жылдык мезгилге иштелип чыккан жайыт пайдалануучунун жамааттык планын ушул Жайыт комитетине караштуу жайыт участкалырын жакшыртуунун перспективдүү иш пландарын иш жүзүнө ашыруу максатында Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин (ЖИБ) 2015-2019-жылдарга карата жайыт башкаруу планы бекитилсин.
2. Жайыт Пайдалануучулар Бирикмеси тарабынан көчмө кыркын пункутун уюштуруу максатында жазылган чакан долбоор жактырылсын.
3. АРИС программасынын алкагында чакан долбоор менен иштөө жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин төрагасы Ч.Алжанбаевге тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Букамбаев |