Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25-сессиясы
2015-жылдын 22-декабры № 25/4
Семиз-Бел айылдык Кеңештин сессияларында кабыл
алынган токтомдордун жана туруктуу комиссиялардын
кабыл алган чечимдердин аткарылышы жөнүндө
Семиз-Бел айылдык Кеңешинин регламентине ылайык 2015-жылга карата жыл башынан бери жалпы 7 сессия анын ичинен кезектеги 4 жана каралган маселелерге 3-кезексиз сессия өткөрүлдү.Семиз-Бел айылдык Кеңешинин иш планына ылайык сессиялар өткөрүлүп,сессияда каралган маселелер боюнча жалпы 47 токтом кабыл алынды. Азыркы учурда 5 токтом иш үстүндө. Калган 42 токтомдор тиешелүү мекемелерге жиберилип аткарылгандыгын белгилеп, Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жылда аткарган иштери «Канаттандыраарлык» деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2015-жыл ичинде иш план боюнча кезектеги 4 жана каралган маселелерге 3-кезексиз сессия баардыгы 7 сессия өткөрүлүп,47 токтом кабыл алынгандыгы жана Семиз-Бел айылдык Кеңешинде аткарууга алынгандыгы белгиленсин.
3. Туруктуу комиссиялардын жыйналышында сессияда каралуучу маселелерди комиссиянын талкуусуна коюп, жыйынтык чыгаруу менен комиссиянын ишин жандандыруу жана кабыл алынган токтомдордун аткарылышын көзөмөлгө алуу туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Семиз-Бел айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М.Букамбаев |