Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 12-сессиясы
2014-жылдын 18-февралы № 12/2
А.Масалиев айыл аймагынын каржы бөлүмүнүн 2013-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясында каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Мурзаев сессияга отчет берүүгө келбегендиктен каржы бөлүмүнүн эсепчиси И.Кудайбергеновдун 2013-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга каржы бөлүмүнүн аткарган иштери боюнча бюджеттик комиссия биргеликте түзгөн И.Кудайбергеновдун маалыматы көңүлгө алуу менен бекитилсин.
2. Каржы бөлүмүнүн башчысы Толкун Мурзаевдин ишин кароо жагы айыл аймактын жетекчисине сунушталсын.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Тажибаев |