А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 21 сессиясы
2015-жылдын 11-февралы № 21/1
А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
А.Масалиев айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүк жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Масалиев айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаев жүктөлсүн.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |