Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 22 сессиясы
2015-жылдын 20-марты № 22/2
А.Масалиев атындагы айылдык кеңешинин 25-сентябрь 2014-жылдагы сессиясынын 18/2 токтомунун күчүн жоготу деп жабуу жөнүндө
А.Масалиев атындагы айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын сессиясында Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарынын аткарымдуулугуна текшерүү жүргүзгөндө. А.Масалиев атындагы айылдык кеңеши тарабынан А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Олагыш айылындагы башка жерлер категориясында турган 0,22 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын деген мазмундагы 18/2 сандуу токтом кабыл алынган кодекстин 18-ст айылдык кеңеш жергиликтүү жааматтын пикирин эске алуу менен райондук администрациялык аймактын түзүлүшү боюнча сунуштарды каратып, айылдык аймактын калктуу конуштардын курулуш куруу долбоорлорунун башкы план бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участокторунун чектеш өлчөмдөрүнүн аныктайт, райондук мамлекеттик администрациясы менен биргиликтүү асыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерини сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктун актылары жөнүндө», Мыйзамынын 4-ст. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын токтомдору – өздөрүнүн жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктун актылардын негизинде жана аларды аткаруу учун жергиликтүү өз алдынча башкарууну өкүлчүлүктү органдары тарабынан өз компентенциясы чегинде, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынуучу жана тиешелүү аймакта юридикалык күчкү ээ болуучу ченемдин укуктук актылары» деп аталган. А.Масалиев айылдык кеңеши сессияда окуп угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев атындагы айылдык кеңеши 2014-жыл 25-сентябрда айылдык кеңештин сессиясын 18/2 сандуу токтомун күчүн жоготуу деп табылсын.
2. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн Олагыш айылындагы 0,22 га аянтын муниципалдык менчикке алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаевге сунушталсын.
А.Масалиев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |