А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 24 сессиясы
2015-жылдын 27-ноябры № 24/1
А.Масалиев айыл окмотунун Карадобо айылындагы 0,27 га жана Кожо айылындагы 0,06 га жер аянттарын аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңешинин сессиясында өкмөттүн жер адисинин Кара-Дөбө айылындагы 0,27 га жана Кожо айылындагы 0,06 га жер аянттарын аукциондо сатуу боюнча маалыматты жана сунушун угуп талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара - Дөбө айылындагы Кожо айылында 0,27 га, 0,06 га жер аянттары 14 лотко бөлүнгөнү бекитилсин.
2.Баштапкы наркы мыйзамдуу баа коючу менен бекитилген 1 лотко 1кв.м 400 сомдон болуп бекитилсин.
3.Аукциондун арымы баштапкы нарктын 10% ти 8300 сом болуп бекитилсин.
4.Аукционду мыйзамдуу өткөрүү жагы А.Масалиев айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистерине жана комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
А.Масалиев айылдык кеӊешинин төрагасы |
Ю. Бекботоев |