Редакцияот 27.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 24 сессиясы

 

2015-жылдын 27-ноябры № 24/5

Ар түрдүү кайрылуулар боюнча  Көкө айылына  трансформатор  коюу жөнүндө

А.Масалиев айылдык кеңеши кезектеги сессиясында Көкө айылынан  айылдык кеңешке  депутат  Мадумаров Муктардын  Көкө айылына трансформатор  коюуга  бөлүнгөн  акча каражатын каржылоо  боюнча  маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коко айылына трансформатор  коюуга  бөлүнгөн  каражатты Көкө  айылынын  тургундарынын салымы жана мыйзамдуу эсеп кагаздарын которуп берүүгө, акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн  башчысы К.Имаровко жүктөлсүн.

2. Трансформаторго бөлүнгөн  акчаны мыйзам  негизинде которулушунун көзөмөлгө алуу  Көкө айылынан  айылдык кеңештин депутаты  М.Мадумаровко  бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана каттоодон өткөрүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

А.Масалиев айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ю.Бекботоев