Загрузка документа…
А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
А.Масалиев айылдык Кеңешинин V чакырылышынын 25 сессиясы
2015-жылдын 4-декабры № 25/1
А.Масалиев айыл аймагында айыл чарба жерлерин жер кыртышынын бонитетине карап бир жолудан кем эмес үч жолудан ашырбай которуу жөнүндө
А.Масалиев айылдык кеңештин сессиясында айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаевтин айыл чарба жерлерин салыгын которуу боюнча билдирүү сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Масалиев айыл аймагындагы айыл чарбасы багытындагы жерлер Кыргыз Республикасынын 337-статьясынын 6-пунктуна негиз айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы кыртыштын бонитетине карап айыл өкмөтүнүн сунушу бир жолудан ашырбай которуу менен бекитилсин.
2. А.Масалиев айыл аймагындагы мүлккө болгон салыктар жана жерлерге болгон салыктар үчүн аймактык эсептөө коэффиценти 1,2 болуп өргөртүүсүз бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүндө таштандыларды ташып чыгуу үчүн ар бир кожолуктан 50 (элүү) сом өлчөмүндө акча алуу каражаты өзгөртүүсүз бекитилсин.
4. А.Масалиев айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде А.Масалиев айыл өкмөтүндө иштеп турган “Нур” балдар бакчасынын кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөндө айыл өкмөтү тарабынан кошкон салымы үчүн 247 000 сомдун ордуна 150 000 сом которулуп акчанын өз убагында болбогондуктан 97 000 сом которулбай калып кеткен. Ушул сумманы которуп берүү А.Масалиев айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын жана каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мурзаевке милдеттендирилсин.
А.Масалиев айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ю.Бекботоев |