Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 8 сессиясы
2015-жылдын 30-марты № 1
Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражатын
пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин төрагасы Б.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылдык “Базарбай Томотоев” атындагы маданият үйүнүн жана А.Токтосунова атындагы китепкананын жылуулук системасын орнотуу жана айланасын тосуп берүү үчүн түрткү берүүчү грантка жазылган долбоорго өздүк салым катары 129000 сом калдык суммадан бөлүнүнп берилсин.
2. Казыбек айылындагы түрткү берүүчү грант үчүн өздүк салым үчүн бөлүнгөн акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |