Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 9 сессиясы
2015-жылдын 11-апрели № 4
Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик ” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык бирикмесинин тарифин жана бюджетин бекитүү боюнча Казыбек айылынын жалпы жыйналышынын №5 протоколу жөнүндө
Казыбек айылындагы “Орто-Келтебик ” ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык бирикмесинин тарифин жана бюджетин бекитүү боюнча Казыбек айылынын 15-апрель 2015-жылы өтүлгөн жалпы жыйналышынын №5 протоколунун негизинде, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын “Орто-Келтебик” СООППВнын бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. “Орто-Келтебик” СООППВнын ичүүчү сууга болгон тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
1)жарандарга ичүүчү суу үчүн 1 (бир) жанга 10 сом;
2)үйүнө суу киргизгенден кийин ар бир жанга 20сом;
3)мектеп, бала бакча, ҮДТ, мечиттер үчүн ичүүчү сууга айыл өкмөтү аркылуу жылына 15700 сом бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3.Сууну пайдаланууда тартипсиздикке жол берүүчүлөргө төмөндөгүдөй айыптар салынсын:
1)автомашина жууганга-1000сом;
2)малды чоргодон суугарганга-1500 сом;
3)балдар ойносо-300 сом, сындырсы төлөйт, 1000 сом айып салынат;
4)шланг менен суу куйса-1000 сом;
5)кальцонун ичине уруксаты жок түшсө-1000 сом;
6)колонканы басып байлап койсо-500 сом;
7)тряпка, кир жууса-3000 сом4
8)колонкага ат байлап же автомашина менен сүзүп сындырса төлөйт жана
3000 сом айып салынат;
9)уруксатсыз үйүнө суу киргизиа ласа-10000 сом;
10)көчөнү бузуп таштаса-5000 сом;
11)огород сугарса-5000 сом
3.Ар бир үй-бүлө үйүнө суу киргизүү үчүн айыл өкмөтүнүн “Орто-Келтебик” СООППВнын жетекчиси Т.Абдыгазиев келишим түзүлсүн жана сууга болгон төлөмдөрүн өз убагында төлөнүүсүнө көзөмөл кылып турсун.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |