Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 9 сессиясы
2015-жылдын 11-апрели № 5
Жаңы-Күч айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төгүү жөнүндө
№ 957 Жол тейлөө ишканасынын 20.02.2015-жылдагы №22 катынын негизинде Жаңы-Күч айылынын ички көчөлөрүнө кум, шагыл тартып берүү үчүн Жаңы-Күч айылынын күн батыш жагындагы “Төлөк-Коо” коктусунан 2,0 гектар жерге карьер алуу үчүн, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылы Жаңы-Күч айылынын ички көчөлөрүнө 3 (үч) чакырым жолго кум, шагыл тартып берүү үчүн, Жаңы-Күч айылынын күн батыш жагындагы “Төлөк-Коо” коктусунан 2,0 гектар жерге карьер алуу үчүн жер бөлүнүп берилсин.
2.Жаңы-Күч айылынын күн батыш жагындагы “Төлөк-Коо” коктусунан 2,0 гектар жер бөлүп берүү жагы, айыл өкмөтүнүн айыл –чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы З.Төлөгоновго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |