Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 9 сессиясы
2015-жылдын 11-апрели № 6
Жайыт комитетинин 2015-жылга бюджетин жана жайытка
байланыштуу ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Жайыт комитетинин төрагасы З.Төлөгоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 9 сомдон төлөнсүн. Бодо малга 45 сомдон төлөнсүн.
2.Жайыт эсебиндеги башка максаттарга пайдаланып жаткан жайыт аянттарынын жерине ар 1 сотыхка 5 (беш) сомдон төлөнсүн.
3.Жаздоого 1-апрелден калбай, жайлоолорго 1-июндан кеч эмес көчүрүлсүн. +з убагында көчпөгөн жайыт пайдаланучууларга 5000 (беш миң) сомдон айып төлөнсүн . Ар бир көчпөгөн күн үчүн 2% туум эсептелсин.
4.Күздөөгө 1-октябрдан эрте көчүп келбесин. Бул эрежелер жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлсүн. Эрте көчүп келген малчыларга 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
5.Ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн жана комиссия менен бирдикте санак жүргүзүлсүн, малын санатпаган жайыт пайдалануучуларга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
6.Малын кем санаткан жайыт пайдалануучуларга ар бир кой, эчкиге 100 (жүз) сомдон, ар бир баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон айыл салынсын.
7.Казыбек айыл аймагынын жайыт жеринде тур өткөрүп жаткан аңчылык фирмаларга жана Кара-Коюн айылынан төгүлүп жаткан таштандыга тиешеси бар ар бир мекеме жайыт комитети менен келишим түзүп, келишимде көрсөтүлгөн сумманы жайыт комитетинин эсебине которуп беришсин.
8.Жайыт комитетинин уруксаты жок төгүлгөн ар бир машина таштандыга 5000 (беш миң) сом айып салынсын. Казыбек айылына каршатуу жайыт жерлеринен алынып жаткан топурак, шагыл жүктөп берип жаткан эксковатор менен келишим түзүлүп, келишимде көрсөтүлгөн сумма жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин. Жайыт комитетинин уруксаты жок алынган ар бир кузов шагыл, топурак үчүн 5000 (беш миң) сом айып салынсын.
9.Казыбек айылындагы элдин малын баккан малчылар ар бир баш кой, эчкиге 30 (отуз) сомдон, башка жактан келгендер 35 (отуз беш) сомдон багышсын. Бодо мал үчүн айыл тургундарынан 150 (жүз элүү) сомдон, башка айылдын тургундарынын малы 200 (эки жүз) сомдон багылсын.
10.Жайкысын керектөө үчүн алынып калган майда жандыктар Касмалиев Алтымыштын, Жунушов Жакыпбектин, Жумабаев Сапайдын сарайында калтырылсын. Ар бир баш кой, эчки 50 (элүү) сомдон багылсын.
11.Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетинин төрагасы З.Төлөгоновго милдеттендирилсин.
12.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчсы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |