Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 10 сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 2
Жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337- беренесинин 6-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештер айыл чарба багытындагы жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын кыртышын бонитетин, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандыгы үчүн ал жеткис күчтүн таасири болгон учурлардан сырткары, календарлык жылдын ичинде бир жолу жана үч эседен ашырбай көбөйтүүгө укугу бар деп көрсөтүлгөн.
Бирок, айыл аймакта 2 жылдан бери кургакчылык болуп, элибиз жерден алган түшүмү абдан төмөн болуп жаткандыктан, жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүүгө жатпайт, жогоркулардын негизинде, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта 2 (эки) жылдан бери кургакчылык болуп, элибиз жерден алган түшүмү абдан төмөн болуп жаткандыктан, жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүүгө болбой тургандыгы белгиленсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго тапшырылсын.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |