Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 10 сессиясы
2015-жылдын 5-июну № 3
ПРООН тарабынан каржыланып жаткан Жаңы-Күч айылынын инфраструктурасынын Экономикалык жактан өнүктүрүү Жаңы-Күч суусуна сугат курулмаларын жана айыл ичине трансформатор сатып алып кою боюнча долбоорлордун сметасын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдын башчысы Т.Нурмамбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ПРООН тарабынан каржыланып жаткан:
а) “Казыбек айылынын инфраструктурасынын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү” жалпы суммасы 579214 миң сомунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү сумма 430634 миң сом, өздүк салым 148580-00 миң сом Жаңы-Күч айылынын сугат курулмасына пайдаланууга.
б) Жаңы-Күч айылына трансформатор установкасы менен сатып алууга жалпысынан 586751-00 миң сом, мунун ичинен ПРООН тарабынан берилүүчү сумма 428395-00 миң сом, өздүк салым 158356-00 миң сом, баардыгы 1165965-00 (бир миллион бир жүз алтымыш бешмиң тогуз жүз алтымыш беш) сомдун сметалары бекитилсин.
2. .Жаңы-Күч айылына ПРООН тарабынан каржыланган проектидеги келип түшкөн акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.
3. Жаңы-Күч айылынын башчысы Нурмамбетов Төрөбекке ушул гранттын которулгандан кийин орнотуу, иштетүү отчетторун берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |