КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 11 сессиясы
2015-жылдын 1-июлу № 5
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун
мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө
Казыбек айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл аймагында айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.kazybek.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышынын контролдоо Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго жүктөлсүн.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |