Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 12 сессиясы
2015-жылдын 21-августу № 1
Казыбек айылынын тургуну Жумабаев Мирбектин арызы жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Жумабаев Мирбек атасы Жумабаев Мамбетжакыптын атынан айылдын эки жерине автоунаа токтоочу аялдама куруу боюнча кайрылган арызын канааттандыруу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын тургуну Жумабаев Мирбек атасы Жумабаев Мамбетжакыптын атынан айылдын эки жерине автоунаа токтоочу аялдама “Жакып-Ата” атындагы аялдама деп бекитилсин.
2. Аялдама курулгандан кийин ар жыл сайын абалын ар дайым карап, жыл сайын ремонттоп туруу, ошондой эле аялдаманын жанына таштанды ыргытуучу урна уюштуруусу сунушталсын.
3. Аялдама салынуучу жерди аныктап, айыл өкмөтүнүн чечимин, токтомун чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |