Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 12 сессиясы
2015-жылдын 21-августу № 2
Казыбек айылынын тургуну
Жунусбеков Кубанычбектин арызы жөнүндө
Казыбек айылынын тургуну Жунусбеков Кубанычбек өзү жашап жаткан көчөнүн атын, атасы Жунусбеков Казыбай атындагы көчө деп атын берүү боюнча кайрылган арызын канааттандыруу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылынын тургуну Жунусбеков Кубанычбек өзү жашап жаткан көчөнүн аты “Жунусбеков Казыбай” атындагы көчө болуп бекитилсин
2. Көчөгө аты берилген жарандын балдары жана туугандары, ошол көчөнүн ремонтуна жана суу өтүүчү трубаларына жардам берип туруусу сунушталсын.
3. Көчөнү аныктап, айыл өкмөтүнүн чечимин, токтомун чыгарып берүү жагы айыл өкмөтүнүн турак-жай боюнча комиссиясынын төрагасы Э.Эшмамбетовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |