Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 12 сессиясы
2015-жылдын 21-августу № 4
Жаңы-Күч айылындагы жаңы курулган китепкананын атын
Кадыров Ысмайылдын наамына берүү жөнүндө
Кадыров Ысмайыл Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылынын кулуну, 1951-жылы төрөлгөн, 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин бүткөн. 1977-2000-ж. Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясында илимий редактор, улук илимий редактор, жетектөөчү редактор, 2011-жылдан +кмөттүн Аппаратында сектор башчы, Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын терминология комиссиянын мүчөсү. 1994-жыл КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер “Ардак” наамы ыйгарылган. Тоголок Молдо атындагы балдар адабияты сыйлыгынын, эл аралык “Түгөлбай Ата” коомунун сыйлыгынын лауреаты. КР Билим берүү отличниги, КР +кмөтүнүн Ардак Грамотасы, Кыргыз совпрофтун “Ардак грамотасы”, “Кыргыз тили” төш белгиси, көптөгөн ведомстволук грамоталар менен сыйланган. Кыргызстан жазуучулар союзунун, СССР жана Кыргызстан Журналисттер союзунун, Кыргыз Республикасынын Маданият ишмерлери ассоцияцасынын мүчөсү, ошондой эле тунгуч котормо китептери жарык көргөн “Кыргыз Гиннес китеби” жазган, жогоркудай эмгектерин эске алуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Күч айылындагы жаңы салынган китепкананын атын Кадыров Ысмайылдын наамы берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |