Редакцияот 09.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 13 сессиясы

 

2015-жылдын 9-сентябры № 5

Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүнө келген техникадан

түшкөн доходдун сметасын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселел боюнча айылдык кеңештин төрагасы Б.Аттокуровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Казыбек айыл өкмөтүнүн 1-сентябрь 2015-жылы техникалардан түшкөн кирешелердин эсебинен 200000-00 сомунун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.

2. Жогоруда аталган доходдун чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин: 

                    2111  эмгек акы                          60000-00

                    2121  соц фонд                            10400-00

                    2214  транспорттук аражат      80000-00

                    2215 ар түрдүү чыгым                  49600-00

                                                  Баары:            200000-00

3. Казыбек айыл өкмөтүнө келген техникалардан келип түшкөн доходдон атайын эсеп счетуна төгүлүп келип түшкөн акча каражатынын 30% техниканы айдаган адамдын эмгек акысына берилсин, ар түрдүү чыгымдарга жана келген техникаларга автол жана ар түрдүү запчастар менен камсыз болунсун.

4. Казыбек айыл өкмөтүнүн 2015-жылы түшкөн доходдун 200000-00 сомдун сметасы бекитилсин жана акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров