Редакцияот 21.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 14 сессиясы

 

2015-жылдын 21-октябры № 2

Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын

директору Г.Молдакунованын кайрылуусу жөнүндө

 

     Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын директору Г.Молдакунованын кайрылуусун канааттандыруу максатында,  айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Казыбек айылындагы “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасындагы балдардын дары-дармеги үчүн 5000 сом акча каражаты жана “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасынын ашканасы үчүн вытяжной зонтко (шкаф) 6000 сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 2. Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 25-августундагы № 619 токтому жана 2009-жылдын 6-майындагы № 277 токтому менен бекитилген балдар бакчасынын материалдык –техникалык базасын чыңдоо максатында ата-энелердин өз каалоосу менен жылына бир жолу төлөнүүчү фонд 340 сом болуп бекитилсин.

3. “Казыбек-Жеткинчек” балдар бакчасына тиешелүү акча каражаттарын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага тапшырылсын.

4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.

 

Казбек айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Аттокуров