Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 2
Жаңы-Күч айылындагы жаңы салынган ФАПтын имаратын
муниципалдык менчикке кабыл алуу жана ишке берүү жөнүндө
Жаңы-Күч айылындагы жаңы салынган ФАПтын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алуу жана ишке берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Күч айылындагы жаңы салынган ФАПтын имараты Казыбек айыл өкмөтүнүн муниципалдык имараты болуп муниципалдык менчикке кабыл алынсын жана ишке киргизилсин.
2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча айыл өкмөтүнөн комиссия түзүлсүн, комиссия түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго тапшырылсын.
3. Казыбек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча реестрге киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |