Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 3
Тоютка чабылып кеткен арпалар жөнүндө
2015-жылы Казыбек айыл аймагы боюнча 78 гектар жер айдалып, анын ичинен 25 гектары эгинге, 53 гектар чөпкө чабылып кеткен. Жогоркулардын негизинде айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймакта эки жылдан бери кургакчылык болуп, жазында жер кургак болуп, эгиндер кеч өнүп чыккандыктан күзүндө бышпай кечеңдегендиктен 53 гектар арпа аянты көк боюнча чөпкө, тоют катары чабылганга актылары түзүлүп уруксат берилгендиги белгиленсин.
2. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго тапшырылсын.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |