Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Казбек айылдык Кеңешинин 7 чакырылышынын 15 сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 7
Казыбек айыл аймагынын жер аянттарын пайдалануу үчүн
жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 26-октябрь 2015-жылдагы № 08-1423 сандуу катына ылайык, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айыл өкмөтүнүн катаал климаттык шарттарын эске алуу менен айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу максатында жер салыгынын базалык ставкасы өзгөрүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамытовго милдеттендирилсин.
Казбек айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Б. Аттокуров |