Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-февралы № II/I
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2016-жылдагы бюджетти бекитүү жөнүндө
1. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы кирешелер бонча 9068,6 миң сомго, чыгашалар 8565,8 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдык бюджети Эл депутаттарынын Ача-Кайыңды айылдык кеңешинин 2016-жылга жергиликтүү бюджетти пландоо бюджеттик комиссиянын киргизген суроолорунан жана маакулдашууларынан кийин кирешелер боюнча 6961,4 мин сомго жана чыгымдоо боюнча 6961,4 миң сомго бекитилсин.
3. 2016-жылга айыл өкемөттүн башкаруу аппаратына 4074,8 миң сом, эл агартуу бөлүмүнө 1747,4 мин сом, бала бакча бөлүмүнө344,0 миң сом, айылдык китеп кана бөлүмүнө 177,8 миң сом, айылдык клуб бөлүмүнө 294,9 миң сом, атайын эсептеги бала бакча бөлүмүнө 322,5 миң сом. Баардыгы 6961,4 миң сом бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-майындагы № 726 токтому менен бекитилген айыл өкмөт кызматкерлеринин 12 штаттык саны менен эмгек акысы 2878,1 миң сом бекитилсин.
5. 2016-жылга айылдык кеңештин бюджетинде турган мекемелердин эмгек фондусуна 351,7 миң сом бекитилсин.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү 25.09.2003-жылдагы №215 мыйзамына жана КР бюджетинин укуктук негизги принципттери жөнүндө 20.07.2004-жылдагы № 193 мыйзамына ылайык айыл өкмөтүнүн эсебиндеги акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрайымы |
Г.Асанова |