Редакцияот 20.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ача-Кайыңды айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын I сессиясы

 

2016-жылдын 20-апрели № I/II

 “Ат-Башы аймактык ТС” муниципалдык ишканасына муниципалдык менчик

автоунаа берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын”Муниципалдык менчик жөнүндөгү" мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 18-беренесине ылайык аймакты ичүүчү суу менен камсыздоо ишканасын колдоо максатында Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө “Ат-Башы аймактык ТС” муниципалдык ишканасынын менчигине маркасы #ВJ2024, мамлекеттик номери 7520ВВ, кыймылдаткыч номери № XG491QMЕ845460, кузов № LNBRCFDA1AN312503, өңү ак автоунасын берүүгө макулдук берилсин.

2. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген тартипте жогорудагы автоунааны өткөрүп алуу жана каттоо жумуштарын, муниципалдык ишкананын директору Түмөнбаев Саламат Осмоновичке өткөрүп берүү ыйгарым укугу берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сатиевге милдеттендирилсин.

 

Ача-Кайыңды айылдык

Кеӊешинин төрайымы

 

Г.Асанова