Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № IV/III
Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызматкеринин кызмат ордун, штаттык бирдигин, сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин бекитип берүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 жана 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомдорунун негизинде Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишими бекитилсин.
2. Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетектөөчү адис статистик кызмат ордунун келишимин,штат бирдигинин акча-каражаты мөөнөтүнөн кечиктирилбей төлөп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын (келишим тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Барктабасовага милдеттендирилсин.
Ача-Кайыңды айылдык Кеӊешинин төрагасы |
К.Керимбаев |