Редакцияот 30.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айылдык Кеңешинин XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 30-июну № 29/1

Мектептерде билим берүүнүн абалы, медициналык жактан тейлөөнүн абалы жана маданий массалык иштерди жүргүзүүнүн абалы жөнүндө

Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган XXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.

- мектептердин материалдык техникалык базасын чыңдоо мектеп жетекчилерине милдеттендирилсин.

 2. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

 - Талды-Суу айылындагы ҮДТга келген автомашинаны натыйжалуу пайдалануу ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага милдеттендирилсин

- ҮДТнын жылуулук системасын калыбына келтирүү боюнча аракеттерди көрүү ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага тапшырылсын.

 3. Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө маданий массалык иштерди жүргүзүүнүн абалы канааттандырарлык деп табылсын.

 - Талды-Суу айылдык клубун курууга аракеттерди көрүү боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мектеп директорлору Т Багышовко, О Байковага, Э Жантемировага, ҮДТнын башкы дарыгери М Орозалиевага, Талды-Суу айылдык клубунун башчысы Р Кыдырбаевке милдеттендирилсин.

 

Талды-Суу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Ж.Молоев