Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-августу № 1
Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын №4 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык мэриясы Нарын шаардык Кеңешинин 17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” №4 токтомунун 1 пунктуна өзгөртүү, толуктоо киргизип берүү сунушу менен Нарын шаардык Кеңешине сунуш кат менен кайрылган.
17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” №4 токтомунун 1 пунктуна толуктоо киргизип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 17-август 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXIII сессиясынын “Нарын райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмесин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө” №4 токтомунун 1 пункту “өндүрүштүк бирикмеси” деген сөздөрдөн кийин “жогорудагы токтомдордун жана буйруктардын негизинде Республикалык бюджеттен айырма сумманы субсидиялоо маселеси чечилген шартта”, деген сөздөр менен “карамагына өткөрүп” деген сөздөн кийин “алууга макулдук берилсин” деген сөздөр менен толукталсын.
Нарын шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э. Турсуналиев |