Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-декабры № 3/3
Майдан айыл Өкмөтүнүн Исфайрам айылынын тургундарынын кайрылуусу, Майдан айылынын тургуну ижарачы Жумабаев Орозалинин арызын жана Исфайрам орто мектебинин эски багын жаңыртуу үчүн элдердин кайрылуусун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл Өкмөтүнүн Исфайрам айылынын тургундарынын кайрылуусу жана Майдан айылынын тургуну ижарачы Жумабаев Орозалинин арызы канаттандырылсын.
2. Майдан айыл Өкмөтүнүн аймагына караштуу Исфайрам орто мектебиндеги көмөкчү чарбасы болгон эски бакты кыйып ордуна жаңы бакты тигүсүнө уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде ишке ашыруу үчүн Майдан айыл Өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
Майдан айылдык Кеӊешинин төрагасы |
М. Курмушиев |