Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы
2016-жылдын 12-февралы № 1/7
Ак-Моюн айыл аймагынын тургуну Айтбаев Жыргалбектин
10.02.2016-ж. №8 жазган арызы жөнүндө
Жер комиссиясынын төрагасы Т.Түмөнбаев билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин 1-кезектүү сессиясы жогорудагы маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айтбаев Жыргалбектин жер үлүшүндөгү болгон катачылыктарды баардыгы эске алынып, «Тоголок-Дөбө» участогунда жайгашкан жери такталсын, жетпей калса айыл чарба багытындагы жерден берилсин, ашык боло турган болсо айыл өкмөттүн карамагына алынсын. Күбөлүгүндөгү 3 жанга берилген 0,63га болуп калган ката 2,40га болуп оӊдолсун.
2. Ат-Башы райондук администрациясынын башчысынан буйрук чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т.Кадыркуловго тапшырылсын.
Ак-Моюн айылдык Кеӊешинин төрайымы | Г. Аттокурова |