Редакцияот 01.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 1-августу № 5/5

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын

4-июлундагы №1053 катын жетекчиликке жана аткарууга алуу үчүн,

Ак-Моюн айыл аймагынын №4024, №4025 участкалык шайлоо

комиссияларынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын

негизинде түзүлгөн  жаңы тизмени бекитүү жөнүндө

 

Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын Ак-Моюн айылындагы № 4024 участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн  тизме бекитилсин (бир барак тизме тиркелет).

2. Ак-Моюн айыл аймагынын Бирдик айылындагы № 4025 участкалык шайлоо комиссиясынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн  тизме бекитилсин (бир барак тизме тиркелет).

3. Ак-Моюн айыл аймагынын № 4024, № 4025 участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамына жеке жарандардын арыздарынын негизинде түзүлгөн  тизме, Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.

 

Ак-Моюн айылдык

Кеӊешинин төрайымы

Г. Аттокурова