Редакцияот 22.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы

 

2016-жылдын 22-августу № 6/3

Ак-Моюн айыл аймагында иштеген кызматкерлердин

2016-жылга карата, бүгүнкү күнгө чейинки отчетторун угуп баа берүү жөнүндө

 

Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-маданий өнүктүрүү кызматкери Н.Аскербековдун 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету канааттандыраарлык деп баалансын.

2. Жер жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис Т.Кадыркуловдун 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету канааттандыраарлык деп баалансын.

3. Турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар башкы адиси Т.Макешовдун 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету канааттандыраарлык деп баалансын.

4. Бирдик айылынын айыл башчысы Б.Шарше уулунун 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету жакшы деп баалансын.

5. «Бирлик-Булак» ИСКАКБ башчысы Т.Бегалиевдин 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету канааттандыраарлык деп баалансын.

6. «Тамчы-Булак» балдар бакчасынын директору Г.Тойтукееванын 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету жакшы деп баалансын.

7. «Бирлик-Таазими» балдар бакчасынын директору М.Мөндүрбаеванын 2016-жылдагы, бүгүнкү күнгө чейинки аткарып жаткан жумуштары боюнча отчету жакшы деп баалансын.

 

Ак-Моюн айылдык

Кеӊешинин төрайымы

Г. Аттокурова