Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Достук айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXV кезектеги сессиясы
2016-жылдын 24-марты № 4
“Килем – Ата жайыт комитетинин 2016-жылга түзгөн бюджетин бекитүү жөнүндө”
КРнын ЖӨБ жөнүндөгү мыйзамынын 31 беренесинин 2.3.бөлүмүнө жана КРнын жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 8 берене 2 бөлүмүнө, 10 берене 3 бөлүмүнө ылайык Достук айылдык кеңешинин XXV сессиясы күн тартибинде маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Килем-Ата”жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары бекилсин: 2016-жылга бир сезонго жогорку
жана жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү:
а) жылкы бир баш үчүн – 130 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 130 сом,
в) жаш мал бир баш үчүн - 91 сом
г) кой,эчки бир баш үчүн – 30 сом,
3. Жакынкы жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү
а) жылкы бир баш үчүн – 70 сом,
б) ири мүйүздүү мал бир баш үчүн – 70 сом,
в) жаш мал бир баш - 49 сом
г) кой,эчки бир баш үчүн – 15 сом,
4. 2015-жылга Достук айыл аймагыбыздагы чабандарга,жайлоодо мал-койлорду бакканы
үчүн элдердин төлөмдөрү 1 айына төмөнкүдөй бекитилсин:
а) кара мал,жылкы бир баш үчүн – 300 сом,
б) кой,эчки бир баш үчүн – 80 сом,
в) козу,улак бир баш үчүн – 80 сом,
5. “Килем-Ата” жайыт комитетинин 2016-жылга карата түзүлгөн бюджети бекилсин.
6. Чабандарга жоготкон мал жандыктарын төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Чабан менен мал ээсинин ортосунда келишим түзүлүп, жогорудагылар келишимде эске алынсын.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Килем – Ата” жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевке милдеттендирилсин.
Достук айылдык Кеӊешинин төрагасы | А.Узбеков |