Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 4-марты№ 18/1
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн тескөөсүндөгү Көк-Мойнок участкасынан алтынга геологиялык- издөө жумуштарын жүргүзүү үчүн берилген «Алтын-Эмгекчил» ЖЧКсынын №3608-АП
лицензиясын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы жөнүндөгү” Мыйзамдын 9-беренесине таянып, “Алтын Эмгекчил” ЖЧКсы айыл өкмөтүнүн тескөөсүндөгү Көк-Мойнок участкасынан 1236,3га аянттан алтынга геологиялык-издөө жумуштарын жүргүзүү үчүн макулдук берүүнү сурайт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ”Алтын –Эмгекчил” ЖЧКсына Көк-Мойнок участкасынан алтынга геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүүгө жергиликтүү калкка маалымат, түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөгөндүгүнө байланыштуу уруксаат берүү жагы токтотулсун.
2. «Алтын –Эмгекчил» ЖЧКсы атайын өзүнүн адистери менен айылдарга график түзүп 15-апрель 2015-жылга чейин, депутаттардын катышуусунда айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн жана элдин көпчүлүк бөлүгүнүн макулдугу менен чечим кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж. Жакыпов |