Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 4-марты № 18/3
Жогорку Нарын Каскадындагы Ак-Булуң жана ГЭС-1
курулушуна жер аянттарын 49 жылга бөлүп берүү жөнүндө
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин 30-май 2014-жылдагы № 13/1 токтому менен «Электр станциялар» Ачык Акционердик Коомуна Жогорку-Нарын Каскадынын Ак-Булуң ГЭСине жана Нарын ГЭС-1 курулушуна бөлүнүп берилүүчү жалпы 122,37 га жер аянтынын ичинен туруктуу калуучу объектилерге 49 жылдык мөөнөткө, убактылуу курулуштарына 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилген. Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин 30-май 2014-жылдагы №13/1 токтому өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |