Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 4-марты № 18/6
Эмгекчил айыл өкмөтүнө өтүп кеткен Орто-Саз
айылынын жайыт жер аянтына чара көрүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз айылынын жайыт жер аянты Эмгекчил айыл өкмөтүнүн жайыт аянты менен чектеш жайгашкан. Мыйзамга ылайык чек аралар тоолордун башы, суулар, жолдор менен аныкталат. Кандайдыр себептер менен бул мыйзамдар сакталган эмес.
Орто-Саз айылынын жайыт жерлерине чара көрүү максатында, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Саз айылынын Эмгекчил айылы менен чектешкен жайыт жер аянтынын мыйзамдуулугу каралсын .
2. Мыйзамдуулугун карап, чара көрүү үчүн айыл өкмөтүнүн алдында штаб, комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга, айыл өкмөтунө тапшырылсын.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |