Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XVIII сессиясы
2015-жылдын 4-марты № 18/7
Ак-Кыя айылындагы Нур-Байгазак бала-бакчасын
мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө
Ак-Кыя айылындагы Б.Бекмуратов атындагы орто мектептин эски имаратынын бир корпусу авариялык абалда болуп 2-апрель 2006-жылы Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXIV чакырылышынын IX сессиясынын № 9/10 токтому менен мектептин авариялык имараты сатылып жеке менчикке берилген жана ошондой эле жогорку токтомдун негизинде 19-апрель 2007-жылы № 39 Чет-Нура айыл Өкмөтүнүн токтому менен Ак-Кыя айылынын тургуну Исмакеев Азамат Мукамбетовичке эски мектептин бузулуп кеткен корпусунун аянтына там салууга жана огород катары пайдаланууга 0,19га жер тилкеси жеке менчикке бекитилип берилген. Калган 5053 метр квадрат жер тилкесин учурдагы Нур-Байгазак бала-бакчасына мыйзамдаштып берүүнү сурайт.
Жогорудагылардын негизинде Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калган 5053 метр квадрат жер аянты Нур-Байгазак бала-бакчасына бекитилип берилип Чет-Нура айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
2. 5053 метр квадрат жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жагы Нарын райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Чет-Нура айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Ж.Жакыпов |